Биз социалдык тармакта

Пенсиянын көлөмүн жогорулатуу үчүн жалпысынан 827 миллион сомдон ашык каражат керектелери айтылды

Өлкөдөгү 689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827 миллион 800 миң сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев маалымат жыйынында билдирди.

"827 миллион 800 миң сомдун ичинен 75 миллион 200 миң сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул каражат пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатуу үчүн жумшалат. Ал эми пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752 миллион сом каралат. Пенсионерлер 2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиясын жогорулатылган өлчөмдө алышат" , - дейт Ирсалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maratbek88.88
2020-09-16 20:11:15
Ошондо Кыргызстанда 827000 Пенсионер барбы ар бириине 100 сомдон пенсиясина кошулмак болду элего Кыргызстанда ар 8 адамдын бири пенсионерби ошондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан