Биз социалдык тармакта

Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган 4 ишкердик субъектке 8 миң сом айып пул салынды

Ош шаарындагы "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан коомдук жайларда санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө Шакиров жана Масалиев көчөлөрүндөгү объектилер, анын ичинде соода түйүндөрү, коомдук тамактануу жайлары, тейлөө мекемелери текшерилди. Коронавирус инфекциясынын күтүлүп жаткан экинчи толкунун алдын алуу максатында иш-чаралар Ош шаардык мэриясынын тиешелүү мобилдик тобу тарабынан жүргүзүлүүдө.
"Рейддик текшерүүлөрдүн натыйжасында санитардык нормаларды бузгандарга тиешелүү протоколдор түзүлүп, майда тартип бузуучуларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Масалиев көчөсүндө үч коомдук тамактануу жайы жана Шакиров көчөсүндө бир объект тарабынан талаптагыдай санитардык-гигиеналык нормаларды сактабагандыгы үчүн мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, натыйжада тиешелүү административдик айыптар салынган. Айыптардын жалпы суммасы 8 миң сомду түздү", - деп билдиришти мэриядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан