Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу депутаттар 5 жылдын ичинде кандай болуп өзгөрө турганы боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"16 партиядан кеминде эле эки миңдей талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып турган кез. Депутат десе эле көптөрдүн кучунашы кармаганы менен депутат болууну аябай эңсегендердин катарынын калыңдыгы таң калычтуу. Алтынчы чакырылыштын ачуу-таттуусун бирге көрүп калган атуул катары беш жылга жакын убакыттын ичинде байкагандарыман жеке пикир иретинде ушул жерге жазып коюуну чечтим. Балким, жаңы депутаттарга сабак болуп калгысы бардыр.
Депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот. Парламенттин аки-чүкүсүн таанып, кабинеттерин бөлүшүп, олтургучтарын оңдоп бүткүчө эле бир жыл зуу деп өтөт. Экинчи жылы лидерлер суурулуп чыга баштайт, айрыкча өкмөттүн ишин тескегендер, экономикадан баштап маданият, психология, гинекологияга чейин тармактарды аңдап-түшүнүп дегендей. Үчүнчү жыл депутаттын бышып жетилген маалы. Саясатты чемичкедей чагып, кишилерин кызматка түртүп, жазган же жактаган мыйзамдары кадимкидей өлкөнүн жашоо-турмушуна таасир этип, юридикалык, ораторлук жана саясий таланттары ачылган жыл болот. Мыктыларын дээрлик жыл сайын алмашчу өкмөттөргө вице же бери дегенде эле министрликке алып кетет. Төртүнчү жылы депутаттын ит талагандай сын-пикирлерге да, мактоо, кошоматчылык, пактакорлорго да бирдей туруштук бергидей иммунитети пайда болот. Мурдараак курч сүйлөгөндөрү кадимкидей токтолуп, өз чөйрөсүндө авторитети өркүндөгөн маалы. Депутаттан башка адамдар менен көп деле сүйлөшпөй, өздөрүнчө консультацияларды өткөрүшүп, шыбырашып, той-тамаша, куран окуткан жерде деле депутаттар өзүнчө столго бөлүнүп олтуруп, депутат эместерден бир аз оолагыраак болушат. Биздейлерден ковид жугуп калчудай "социалдык дистанцияны" дайым сакташат. Баамдасаңыз, кээ бирлеринде мындай мүнөз талапкер кезинен эле старт берет. Ушундайда баягы эле айыл жыттанган, кичинекей бир кыштактан чыккандар же бир спортчу депутаттар же кайра-кайра шайлана берип депутаттыктан тажагандар гана өзгөрбөйт. Аларга депутатпы, жөнөкөй адамбы баары бирдей болот, негедир. Адамдар менен ылгабай саламдашат. Айтмакчы, төртүнчү-бешинчи жылдары депутаттар Фейсбук сыяктуу түйүндөргө өтө кылдат мамиле кыла баштайт. Ашыкча пикир, сүрөт же маалымат таратуудан карманышат. Байкасаңыз, депутаттын азы эле лайк, дислайк деген смайликтерди колдонот. Бул алардын маалыматтан алыстыгы, убактысынын жоктугу же Фейсбуктагылардан жийиркенгендиги эмес, саясий жактан абдан кылдаттыгы, такшалгандыгы десе да болот. Бирөөлөрдү капа кылып албайлы дешет. Социалдык желени көбүнчө алардын консультанттары колдонуп, лайк басышат. Бешинчи жылы депутат үчүн да, алардын жанында иштеген бизге окшош карапайымдар үчүн да кызыктуу жыл. Себеби ушул маалда алар чоң иштерин коё туруп, өзүнүн кийинки мөөнөтү тууралуу ойлоно баштайт. Жөнөкөй адамдардын арасынан жакшы адистерди издеп, улуу башын кичик кылып дегендей, кайрадан таанышкан, бири-бирин кайра башынан жактырышкан учурлар көп кезигет. Депутаттын кабылдамасында депутат олтурган таң калычтуу учурлар да болбой койбойт.
Көп жыл иштеген кесиптештеримен сурай келсем, бул кубулуштар алтынчы чакырылыш үчүн эле эмес, соңку 29 жыл бою эле ушундай дешет", - деп жазат Нуракун уулу.