Жал кичи районундагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 23:52де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.