Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, кечээ, 16-сентябрда Тыналиев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, автошаты унаасы жана 1 штаб тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада жеринде иш алып барышкан.
Өрт саат 23:52де чектөөгө алынып, түнкү саат 00:13тө толук өчүрүлдү.