"25 жаштагыдай". Атактуу мушкерлер Майк Тайсон жана Рой Жонс алдыдагы беттешке кызуу даярданышууда (видео)

Бокс тарыхында мыкты америкалык мушкерлер Майк Тайсон жана Рой Жонс ноябрь айында өтө турчу беттешке кызуу даярданышууда. Эки мушкер тең социалдык тармактагы баракчасына машыгуу учурундагы видеолорун жүктөшкөн.

Көпчүлүк интернет колдонуучулары эки мушкердин даярдыгын көрүп, беттеште Рой Жонс жеңишке жетерин жазышууда. "Майк Тайсондун мүмкүнчүлүгү жок", "Беттеш Тайсон үчүн оор болот", "Тайсон жеңилесиң", - деп жазышууда.

Рой Жонс менен Майк Тайсондун беттеши 28-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында өтөт.

Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.

Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.

Рой Жонстун беттешке даярдануусу
Майк Тайсондун беттешке даярдануусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2020-09-17 12:54:10
Тайсон дагы деле Тайсон бойдон экен. Кыскасы экоо тен легенда.
+4
Nurgiz86
2020-09-17 13:54:08
Тойсондун техникасы жинди жиндиго
+6
middle
2020-09-17 14:17:41
Охоо экоо тен табында экен дагы деле, экоо тен зверь бойдон экен, менимче Тайсон женет го дейм, Аллах билуучу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан