Кыргыз жарандары Швейцарияга барганда коронавируска байланыштуу сөзсүз түрдө 10 күндүк карантинде болуу милдетинен бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 4-сентябрда кабыл алынган. Анда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Швейцарияга киргенде 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылган.
"7-сентябрдан тартып Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Швейцарияга виза жана башка уруксат документтери менен эркин кирип-чыгууга уруксат берилди", - деп билдиришти аталган министрликтен.