Японияда окуп жаткан кыргыз жигит: "Бул жакта кечигүү деген түшүнүк жок, кечигүү - бирөөнүн убактысын уурдоого барабар" (маек)

Кыргыз өлкөсүнүн бир топ жарандары, дээрлик көпчүлүк жаштары тышкы миграцияны түзөрү белгилүү. Алар жеке үй-бүлөсүнүн гана эмес, өлкөнүн да экономикалык абалын алдыга сүйрөп келишүүдө. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз иштеп гана тим болбостон, окуп да жетишип, жеке потенциалын ар тараптуу өнүктүрүп жатышат. Илим алып, өнөр үйрөнүп кичинекей Кыргыз өлкөсүн дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин таанытып да келүүдө. SUPER.KG порталы бул жолу алыскы күн чыгыш өлкөсү аталган Японияда окуп, иштеп жаткан Кыргыз жараны Акбар Исмаилов менен маек курду.

Каарманыбыз Чүй облусуна караштуу Кемин районунда 1992-жылы туулган. Кыргыз-Кувейт университетинде журналистика багытында билим алган.

- Саламатсызбы, Акбар? Ден соолук, окууларыңыз жакшыбы ?

- Саламатчылык. Рахмат, бүгүн окуу жок, эс алуу күнү болгондуктан үйдө эс алып жатам.

- Эң жакшы. Эс алуу күнүңүздү кандай өткөрдүңүз?

- Негизи эс алуу күндөрүм бош өтпөйт. Бүгүн атайын үйдө өткөрүүнү чечип, эртеңки сабактарга даярдануу менен алектендим десем болот.

- Сабак дегендей, Японияда билим алуу кандай экен, ал жакта окуп калууңуздун себеби эмнеде?

- Бул жакта окуп калам деп ойлогон эмесмин. Бирок Японияга көптөн бери кызыгып жүрчүмүн. Келүүгө документ чогултуп, акча топтоп бир жыл даярдандым. Бара аламбы, кандай болот деген ойлорду четке кагып, болгону болот деп аракет кыла бердим. Токиодо байкем жашайт. Анын жардамы менен бул жакка келдим. Учурда Токио шаарында окуп, иштеп жатам. Япониядагы улуттук "Хоцума" тил окутуу окуу жайында япон тилин үйрөнөм. Бул жакта билим алган абдан жакты. Мугалимдердин мамилеси эң мыкты. Өзгөчөлүгү студенттердин бааларын бүтүрүү кечесинде гана айтышат экен. Ага чейин кимдин кандай баа алып жатканын таптакыр билгизбей, баарына бирдей мамиле жасайт. Анан дагы сабакка катышууну биринчи орунга коюшат. Кечигүү деген түшүнүк жок. Анткени сен башка бирөөнүн убактысын уурдаган менен барабар болот, башкаларды сыйлабагандык деп эсептешет. Бардыгы окуу да, жумуш дагы убакыт-сааты менен башталат экен.

- Айтсаңыз, күн чыгыш өлкөсү сизди эмнеси менен таң калтырды. Ал жактан кандай таасирлерди алдыңыз?

- Эң алгач келгенимде көчөдөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди көп көрүп, бул жакта ушундай адамдар көп турбайбы деп кейигем. Бирок мен туура эмес ойлоптурмун. Көрсө өнүккөн шаардын бардык жерлеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын жүрүүчү жерлер, жолдор да, ар бир имарат-мекемелерде, эс алуу жерлеринде да, лифтте жана башка бардык транспорттордо дагы алар үчүн бардык шарттар түзүлүп берилген.

Элдин маданияты, тартиби, адамгерчилиги эң жогорку деңгээлде экен. Бири-бирине сиз деп кайрылышат. Тазалыкты абдан баалашат. Мисалы, таштандыларды ар кайсы жерлерге ташташпайт. Аларды атайын чогултуп кетчү күндөргө бөлүшкөн. Дүйшөмбү күнү кагаздарды, шейшемби күнү айнектерди, шаршемби күнү күйүүчү таштандыларды чогултуп кетишет. Тазалыкка катуу тартипте турушат. Мыйзам да баарына бирдей. Эмгекти сүйгөн япондордон алуучу көп жакшы сапаттар бар. Менин ички дүйнөмдү, ой-жүгүртүүмдү бир топ өзгөрттү.

- Япония дегенде Сакураны, Самурай Фудзияманы көз алдыбызга келтиребиз. Сакуралардан кандай сабак алдыңыз?

- Көп эле сабак алып келатам десем жаңылышпайм. Себеби башка элдин бөлөк жашоо-шартына көнүп кетүү оңой болгон жок. Эң эле биринчи туура жашоо образын, туура тамактануу, туура жүрүм-турум сабагын алдым. Ден соолукка кам көрүү, узак жашоонун сырларын япондордон алсак болот. Бизде улгайгандар үйдө отурушат. Бул жакта дээрлик бардыгы көчөдө, эс алуу багында дене көнүгүүлөрүн жасап, ар дайым кыймылда жүрүшөт. Биздегидей 8-Март, 14-февраль деген майрамдар жок. "Апалар күнү", "Деңиздин күнү", спортту абдан баалашкандыктан "Спорттун күнү" деген сыяктуу өздөрүнүн майрамдарын белгилешет. Сакуралар гүлдөгөн убакта өзгөчө майрамдашат. Туристтер да көп келишет. Фудзиямага июнь-август айларында гана чыгууга болот. Башка мезгилдерде кооптуу. Быйыл карантин болуп бара албай калдым. Менин эсте калган унутулгус күнүм катары курсташтарым менен Япониядагы, балким, дүйнөдөгү эң кооз "Фуджикиу" деген эс алуу багына барганымды айтсам болот. Ал жактан алган адреналинди сөз менен жеткирип бере албайм.

- Эң сонун. Кубанычыңызга ортоктошпуз. Японияга барууну каалагандарга кандай кеңеш берет элеңиз ?

- Албетте, Японияга келиш керек. Бул жакты көргөн адам сөзсүз өзгөрөт. Кереметтүү элден үйрөнчү көп жакшы сапаттар бар.

- Маегиңиз үчүн рахмат. Окууңузга ийгилик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saiit
2020-09-17 23:28:33
Япондун сапатын уйронуп капыр болуп каласынар Кызынар 15 чыксада чогуу ваннага чомулуп ал капыр бузуку калк! Силер Мусулманчылыкты уйронгуло Аларданда маданиятуу болуп кетесинер!!
-7
Nur777
2020-09-19 14:01:06
Сонун маек болуптур,Акбарга ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан