Кеминде жабырлануучуну жылуулук түтүгүнө байлап, акчасын жана телефонун алып кеткенге шектелген жаран кармалды

Чүйдүн Кемин районунда тоноого шектелип 41 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айында Кемин РИИБине 38 жаштагы И.Ж. аттуу тургун кайрылып, чала таанышына карата чара көрүп берүүнү суранган. Арызда 8-июль күнү саат 15:00 чамасында жабырлануучуну Орловка шаарындагы үйлөрдүн бирине алып кирип, жылуулук түтүгүнө байлап, 44 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алып алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 41 жаштагы Кызыл-Суу районунун тургуну кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан