Токмокто тоноого шектелип изделип жаткан жаран Бишкектеги СИЗО-1ден табылды

Токмокто милиция кызматкерлери өспүрүм эки баланы тоноого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта Токмоктун эки жергиликтүү тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 20-22 жаштагы кебетеси азиялык болгон жаран аларды коркутуп, телефондорун тартып алгандыгын билдиришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, шектүү 20 жаштагы М.А. аттуу жаран экени аныкталган. Териштирүү ишинде шектүү башка факты менен СИЗО-1де камакта отурганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан