Биз социалдык тармакта

"Окуучуларды тоого чыгууга мажбур кылган онлайн окуу". Аравандыктар бул көрүнүштүн видеосун жөнөтүштү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Кара-Булак айылында жашаган окуучулар онлайн окууда түрдүү кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Булак айылынын тургуну Гүлбарчын Абдижалил кызы билдирди.

"Араван районуна караштуу Кара-Булак айылы Ноокат районунун Тескей-Кожоке айылы менен чектешкен. Балдар Кара-Булак айылынан Тескей-Кожоке айылындагы Абдижалил Чынкараев орто мектебине келип билим алышат. Эки айылдын ортосундагы аралык 7 чакырым. Анын үстүнө жол жаман, тоого карай басышат. Транспорт маселеси чечилген эмес. Окуучулар жөө баргандыктан алардын коопсуздугу ойлондурат. Анткени тоо менен бара жатканда суу алып кетеби жана карышкырга туш болуп калабы деп коркобуз. Азыркы тапта онлайн окуу болгондуктан интернет биздин айылда иштебегендигине байланыштуу балдар 4-5 чакырым аралыкты басып өтүп, тоо бооруна чыгып окуп келип жатышат", - дейт Гүлбарчын Абдижалил кызы.

Кара-Булак айылында 4-класска чейин билим ала турган мектеп бар. Ал мектепте бир эле мугалим иштегендиктен окуучулар 5-6 чакырым аралыкты басып өтүп, кошуна айылдын мектебине барып билим алышат. Ал эми айылда интернет тартпагандыгына байланыштуу онлайн окууда толук кандуу билим ала албай жатышканын кошумчалай кетти окурманыбыз.

Аравандыктарды түйшөлткөн онлайн окуу
Аравандыктарды түйшөлткөн онлайн окуу
Окуучулар тоого чыгып окушат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekmamat
2020-09-19 14:12:30
Мына сага кыйраткан депутаттар , бир айылга телефон байланышын кошуп бере албайсынар. Дагы бизди шайлагыла дейсинер
+8
Saidochka
2020-09-19 18:39:32
Ушу кантип болсун эми.ушинтип кайсы билимди алышат? Ал эми биздин элита азыр таптакыр башка маселелер б.а .оздору учун эн маанилуу болгон маселелер менен убара.т.е.кантип шайлоодон утуп,депутаттын креслосун ээлеп калсам деген.Аны учун бири бирин шыбап,каралап,кудайды козго илбей каратып туруп элдин кулагына ишке ашпай турган лапшаларды илип ж.б.у.с.иштер менен алек.уккан адамдын кыжырын кана келтиришет да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан