20-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда Бишкек шаарынын 135 жылдыгын белгилөө мааракесинин алкагында искусство фестивалы болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Анда катышуучулар классикалык вокал, фольклордук жана эстрадалык музыка боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашат. Жеңүүчүлөр сыйлуу белектер менен сыйланышмакчы.