Кубатбек Боронов: "Дары-дармектердин запасын өз убагында толуктап туруу маанилүү"

Керектүү дары-дармектердин запасын өз убагында толуктап туруу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта республикада зарыл медикаменттердин үч айга жетиштүү көлөмү бар. Бул жакшы. Бирок айрым учурда форс-мажордук кырдаалдар дагы болуп калат. Мисалы COVID-19дун биринчи толкуну болгондо айрым дары каражаттары дарыканаларда жетишсиз болду. Экинчи толкун болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек", - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр ошондой эле вакцина менен максималдуу түрдө камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

"Аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилди. Кийинки партияларды күнүгө жеткирип туруу зарыл. Менчик клиникалардын акы төлөнүүчү негизде эмдөө жүргүзүүсүнө жардам берүү керек. Ошондой эле COVID-19га каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча келишимдерге жетишүү боюнча ишти күчөтүү керек", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов аймактардагы ооруканаларды оңдоп-түзөө жана профилин өзгөртүү боюнча иштерди аяктоо тапшырмасын берди. Бүгүнкү күндө 12 медициналык мекеменин ичинен 7 саламаттыкты сактоо уюму толугу менен курулуп, оңдолуп, жабдылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан