Үгүт ишинде чыккан мушташ. РИИБдин жетекчиси кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды

Ош облусунун Араван РИИБи коомдук тартипти камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн РИИБдин жетекчиси кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартипти камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Сактан Исмаилов жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды.

ИИМ эскертет. Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчыл кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кескин катуу чараларды көрөт жана коомдук тартипти бузууга жол бербейт.

Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө кимде ким атайылап коомдук тартипти бузууга, мушташка, баш аламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз.

Шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда саясий партиялар, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдириши керек.

Ал эми Араван районунда катталган факты боюнча сотко чейин өндүрүш учурунда тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана ошондой эле күнөөлүүлөр сөзсүз жазага тартылат.

Буга чейин Араван районунда шайлоо боюнча үгүт учурунда мушташ чыгып, 12 адам ооруканага жаткырылып, 5 унаа талкаланганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2020-09-21 11:45:00
Кыргызстан партиясын дагы кошуп алгыла.биринди бирин тытып жеп ,жок болуп кетсенер экен.СДПК озун озу жегендей.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан