"Шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырым". Вьетнамда бороондун кесепетинен 6 адам каза болду

Вьетнамда бороондун кесепетинен 6 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Вьетнамдын борбордук бөлүгүндө Ноул бороонунун кесепетинен 6 адам каза болуп, 112 адам жаракат алган. Мындан тышкары, 10 миңдеген дарактар кулаган. Электр жарыгына дагы олуттуу зыян келтирилген.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Тхыа Тхиен Хуэ провинциясы өзгөчө жабыркаган. Бул аймакта бороондон 4 адам каза болгон.

Вьетнамда шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан