Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда болжол менен саат 10:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Өскөн-Ордо жаңы конушунда акчамды алдап алып, качып кетти деген чакыруу келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын июль айында жабырлануучунун үйүнүн ичиндеги курулуш иштерин оңдоп берем деп 200 миң сом өлчөмүндө акча алып, бүгүнкү күнгө чейин алдоо жолу менен үйүн жасабай, акчасын да бербей жүргөндүгү белгилүү болгон.

Ыкчам издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен 1984-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалган. Шектүү кармалып, Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан