Туулган жылы, күнү - 1996-жыл, 14-июнь
Туулган жери - Ысык-Көл облусу Түп-району Сан-Таш айылы
Үй-бүлөдө - 5 бир туугандын экинчиси
Билими - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Синхрондук котормо бөлүмүн бүтүргөн.
Учурда Германиянын Фемарн аралындагы Бург шаарында билим алууда.
- Саламатсызбы, Эржан мырза? Ден соолугуңуз жакшыбы?
- Саламатсызбы? Жакшы, рахмат.
- Германияда окуп калууңузга ким түрткү болду эле? Ал жакта билим алуу кандай экен?
- Студент кезде жайкы каникулда үч жыл катар Германияга келип иштеп кеткем. Ошондон бери Европанын жашоосуна кичине аралаша түшкөм. Университетти бүтүргөндөн кийин кайра Германияга келүү буюруптур. Учурда сатуучу кеңешчи катары иштеп жана окуйм. Европанын эшигин мен үчүн Жылдыз Бекболотова ачып берди. Анын немисче сүйлөгөнүн көрүп кызыгып, мен да үйрөндүм. Бул жакта университетти айтпай эле коёюн, колледждердеги билим берүү жогорку деңгээлде. Көпчүлүк учурда студенттерге эркин ойлонууга мүмкүнчүлүк берет. Маселени реалдуу чечүүнүн жолун этап-этабы менен изилдетет жана үйрөтөт.
- Ал жактын жашоосу, эли, маданияты жөнүндө айта кетсеңиз...
- Эл мамлекетке маянасынын дээрлик 40 пайызын салык катары төлөйт. Ошого жараша тейлөө, медицина, билим берүү ж.б тармактарында чоң өсүш бар. Карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, балдарга, кош бойлууларга карата камкордук күч. Ар бир адамдын укугу бийик турат. Немистердин көпчүлүгү окуяны, маселени кандай болсо, ошондой кабыл алат. Бир калыпка салынган жана ошол рамкадан чыкпаган адамдар. Улуу муун өкүлдөрү кийинүү стилинен баштап сүйлөгөнүнө чейин тыкан болгону менен, өсүп келе жаткан жаңы мууну алардан бир топ эле айырмаланып турат.
- Германиядан кандай таасирлерди алдыңыз? Сизди эмнеси менен таң калтырды жана кандай өзгөчөлүктөрүн байкай алдыңыз?
- Германиялыктар убакытка так. Бул өлкөдө мамлекеттин ар бир институту өзүнө тиешелүү гана жумушту жеткиликтүү аткарат. Кымбат баалуу автоунаа, жаңы немис маркасындагы эмеректерге толгон ыңгайлуу үйлөрдө жашаганы менен, алардын көпчүлүгү кредитке байланган. Жакшы шартты түзүп, көп жылдар бою насыя төлөп жүрө беришет. Себеби эртеңки күнүнө ишенет. Туруктуу жумушу бар.
- Башка өлкөнүн жашоосуна деле көнүү оор болсо керек. Германияга барууну каалагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Башка өлкө жаңы көз караштарды, чечкиндүү кадамдарды талап кылат. Бөтөн жер, бөтөн элге аралашуу жеңил эмес. Башка тил, башка маданият, тамак-аш, убакыт жана башка көптөгөн факторлор кимди гана болбосун өзгөртөт. Германияга эле эмес, чет өлкөгө чыгам дегендер сөзсүз түрдө тил билүүсү абзел. Тил билбесең мококсуң. Элге аралашуу, көнүшүү, орун-очок алуу үчүн тил билүү шарт. Барсам эле баары жакшы боло калат деген нерсе жок. Чыныгы жашоо үчүн күрөш чет өлкөдөн билинет. Ар бир адамдын географиялык табити болуш керек. Мисалы, мен Кытай, Филиппин сыяктуу чыгыштагы өлкөлөрдө жашоо анчалык деле кызыктыра бербейт.
- Сиздин ыр жазуу чеберчилигиңизди да байкап калдым. Эргүү көбүнчө кайсы учурларда келет?
- Мектепте окуп жүргөндө ыр жазып баштагам. Өзүмдү ыр, поэзия дүйнөсүнө эми гана аралаша баштаган үйрөнчүк катары көрөм. Түн оокумда, деңиз жээгинен, жалгыз жүргөндө ыр саптар келип калат. Адабият чөйрөсүнө жаңы көз карашты сунуштагым келет.
- Азыр Кыргызстанда актуалдуу болуп жаткан шайлоо боюнча да оюңузду билгим келип турат. Кайсы партияны колдойт элеңиз. Германияда Кыргыз жарандары үчүн шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк болот бекен?
- Мүмкүнчүлүк түзүлгөн, бирок Франкфурт же Берлинден алыс жашагандар үчүн шайлоого барып келүү кыйынга турат. Мен идеяга бай, реалдуу өзгөрүүлөргө алып келе тургандардын бийликке келүүсүн каалайм. Ар бир партияда чоң мүмкүнчүлүк бар. Азыр байкоо жүргүзүп жатам. Бул шайлоо таза өтсө, анда чыныгы өзгөрүүлөр орун алат деп ойлойм.
- Алдыга койгон максаттарыңыз, пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз.
- Биздин пландан Жараткандын жазганы улук болору чын. Анткени пландар көп. Буюрса, Кыргыз өлкөсүнөн магистратурага тапшырсам деген ой бар. Бир туугандарыма татыктуу илим, билим алууларына шарт түзүп берүү негизги максатым. Убакыт көп нерсени өзгөртөт.
- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
- Азыр кошумча жумушума байланыштуу бош убакыт деле жок, болуп калса чуркап, топ тээп, деңиз бойлой басып өзүм менен баарлашам. Анда-мында бир эки сап ыр жазып коем.
"Биз дагы эле балабыз"
Киши сезип, жасап сүйлөп калабыз,
Иш жүзүндө - быша элек чалабыз.
Чоңдор менен кеңешкендей болсок да,
Жок, курдашым, биз дагы эле балабыз.
Оору сезбей, ойноп жашап барабыз,
Олуттуурак ойлонгонсуп калабыз.
Чыт курсактуу бөбөктайлар жашаган,
Чын-чынында, отуздагы балабыз.
Кызыл-тазыл көрккө толуп калаабыз,
Кырды ашып, кыйын болуп калабыз.
Кылыктанган курак артта калса да,
Кыркка чыккан, кызыл жүздүү балабыз.
Бир тууганга чогуу өскөн жөлөкпүз,
Бирок, бүгүн өз-өзүнчө бөлөкпүз.
Бүлөө күтүп, түтүн-түтүн болсок да,
Бирөө үчүн элүүдөгү бөбөкпүз.
Айтылбаган нечен сырлар бар ичте,
Акыл айтып, жол көрсөтүп ар иште.
Алтын уучтап, уул-кыздан сый көрсөк да,
Алтымышта жашайт ичте наристе.
Жетимиштин жакындаса карааны,
Жетимсиреп, жаштыгыңыз жанагы.
Жетип барып куттуктаңыз сиз дагы,
Жети жашта ичиңизде баланы.
Сүрдөп кээде ичибизде балабыз,
Сүйлөй албай чулдурайбыз калабыз.
Он санактуу жашка чыга калсак да,
Он жаштагы жашайт ичте балабыз.
- Маегиңизге чоң рахмат! Жашооңузда ийгиликтер көп болсун!