Пара талап кылуу беренеси менен кармалган УКМКнын кызматкери 4-ноябрга чейин камакка алынды

Пара талап кылуу беренеси менен кармалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.

"Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Н уулу С. үй камагына чыгарылган. Бирок прокуратура райондук соттун чечимине каршы апелляция берген. Бишкек шаардык сотунда кылмыш иштери жана мыйзам бузуулар иштери боюнча коллегиясы бүгүн, 22-сентябрда райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды. УКМКнын мурдагы кызматкери 4-ноябрына чейин Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди", - дешти мекемеден.

4-сентябрда 326-берене ("пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.уулу С. 1000 доллар пара алып жаткан жеринен Финпол жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

11-сентябрда Н. уулу С. ээлеген кызматынан бошотулуп, сотко чейинки өндүрүштү Финполдун тергөө органдары жүргүзүп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан