Жалал-Абад облусундагы токой чарбалардын биринин директору кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Жалал-Абад облусунун токой чарбасынын директорун кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токой чарбасынын жооптуу адамдары өрттүн алдын алуу жана токой маданий иштерин жүргүзүү үчүн 2 миллион сомдук тендер өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгы боюнча ЖЧК "А" жана ЖЧК "А. А" компаниялары жеңген. Бирок тендерде көрсөтүлгөн жумуштарды буга чейин токой чарбасынын кызматкерлери өздөрү жүргүзүп келишкен.

Учурда тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Иштин бардык жагдайлары изилденгендигин эске алуу менен токой чарбасынын директору К.Ж. жана бухгалтери А.Б., ошондой эле аталган ЖЧКнын башчыларынын аракеттерине укуктук баа берилет деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-09-23 07:43:38
Кайсы токой чарба?
+3
Majit1975
2020-09-23 09:13:58
Adil18"А" жана "АА" деген токой чарба
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан