Кыргыз өлкөсү жана Орусия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча протоколго кол коюшту

Кыргыз Республикасы жана Орусия Федерациясы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык отурумунда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү мезгилинен ийгиликтүү өтө аларыбызды белгилешти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
"Биз пандемиядан кийин союздаш жана стратегиялык өнөктөштөр менен биринчи жолу эл аралык иш-чара өткөрүп жатабыз. Бүгүн биз эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу жана маанилүү багыттарын талкуулай алдык. Орусия Федерациясынын салтка айланган жардамына жана көңүл бурганына ыраазычылык билдиребиз. Биздин республикага медицина адистерин өз учурунда жибергениңиздерге рахмат айтабыз. COVID-19 оорусунун эң жогорку чегинен чыгуу жана республикабыздагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшы жакка бурууга, ошондой эле алардын практикалык жана консультативдик көмөгү жакшы жардам берди", - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев былтыр Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоого бекем негиз түзгөнүн эске салды.

"Быйылкы жылга карата чоң үмүттөр жана пландар түзүлгөн, бул 2020-жыл биздин өлкөлөрдүн ортосундагы Кайчылаш жыл деп жарыялоо менен далилденди. Бирок коронавирус инфекциясы Кайчылаш жылдын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларга белгилүү бир түзөтүүлөрдү киргизди. Бүгүн биз эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алып, 2021-жылы Кайчылаш жылдын жабылыш аземин өткөрүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары жаратылыш газынын баасы дагы талкууланды", - деп белгиледи.

Вице-премьер-министр белгилегендей, киргизилген карантиндик жана чектөө чаралары эки өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө дагы таасирин тийгизди.

"Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, ошондой эле жалпы соода түзүмүндө экинчи орунда турган негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бүгүнкү реалдуулукту эске алуу менен биргелешкен аракеттер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жандантууга жана өркүндөтүүгө багытталат деп үмүттөнөм", - деп белгилеген вице-премьер-министр, бардык жетишилген келишимдер өз убагында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин кошумчалады.

Жыйындын соңунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык Кыргыз-Орусия комиссиясынын 22-отурумунун протоколуна кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан