Төшөк оюндарына чейин эркектерди дүүлүктүргөн нерселер

Эротикалык массаж, эрогендик чекиттерге таасир этүү менен өнөктөштөр төшөктө бири-бирин дүүлүктүрүп келишет. Ал эми төшөк оюндарына чейин эркектер эмнеден дүүлүгүшөт?

Кыналган кийим

Денесине кыналган же жука кездемеден тигилген кийимчен кыз-келиндер мырзалардын көңүлүн бурбай койбойт. Айрыкча кийим айымдын төшүнө жана жамбашына кыналып турса, эркектин делебеси козголо түшөт. Эгер айымдын өң-түсү жакшынакай болуп, бирок кенен кийим кийип алса, анда эркек анын дене мүчөсүн элестете албайт. Демек, дүүлүкпөйт.

Басык жана кыймыл-аракет

Эркектерди айымдардын кыймыл-аракеттери да дүүлүктүрөрү бышык. “Басканың сонун маралдай...” деген ыр саптары да бекеринен жаралбагандыр. Көкүрөктү алдыга, жамбашты артка чыгарып кериле баскан айымдар мырзалардын көңүлүн бат бурушат. Жеке гана басык эмес, шашпай сүйлөө, шыңгыр күлкү, көздү сүзүү, чачты акырын сылоо, маңдайга түшүп турган саамайды секин үйлөп коюу, буттарды учкаштырып отуруу, өйдө түрүлүп кеткен көйнөктү эротикалык кыймыл менен оңдоп коюу жана башка ушуга окшогон кыймылдардын баары эркектердин эсин эки кылат.

Мамактар

“Эркектер чоң көкүрөктүүлөрдү жактырышат” деп канчалаган айымдар силикон эмчекке ээ болгону маалым. Чынында, эркектин чеңгелине толгон эмчектер (андан чоң эмес) аларды көбүрөөк дүүлүктүрөрү изилдөөлөрдөн улам аныкталган. Анын үстүнө кээ бир эркектер айымдын эмчегинин силикон экенин билип калса, иренжип калышы да мүмкүн. “Каткырганда төшүң бийлеген...” деп ырчылар бекеринен обон созбосо керек. Айым каткырганда кофтасынан болор-болбос баш баккан мамактарынын кыймылдашы кайсы эркекти болбосун дүүлүктүрөт.

Жыт

Сексологдордун айтымында, эркектер жыттан өзгөчө дүүлүгүшөт. Ушундан улам айымдар атырга басым жасашат. Бирок атырдын баары эле эркектерди дүүлүктүрө бербейт. Өтө назик жыттар, мисалы, гүл жана цитрус өсүмдүктөрүнүн жыттары эркектердин каңылжаарын өрдөп, сезимдерин кытыгылайт. Ошондой эле айрым эркектер табигый жыттардан да дүүлүгүшөт.
Тарыхка кылчайсак, эркектердин делебесин козгоодо аялдар эфир майларын кеңири колдонуп келишкени белгилүү. Мисалы, Наполеондун жубайы Жозефина “Гейша” аттуу атырынын күчү менен анын башын айландырууга жетишкен.

Жамбаш

Айымдардын жамбашын мырзалар алма жана алмурут формасында деп экиге бөлүшөрүн угуп эле жүрөбүз. “Алма формасындагы айымдарга эркектердин сугу көбүрөөк түшөт” деп сексологдор аныкташкан. Башкача айтканда, тогологунан келип томпоюп чыгып турган жамбаштар.

Эротикалык сүрөттөр, тасмалар

Мырзалар айымдардын жарым жылаңач сүрөтүн көрүп деле делебелери козголот. Башкача айтканда, эротикалык, порнографиялык журналдарды жана тасмаларды көрүү менен. Катуу дүүлүгүүдөн улам айрым эркектердин бел суусу агып да кетет. Бул эркектердин табиятынан кыялкеч жана фантазиясынын бай экендиги менен түшүндүрүлөт.

Ич кийим

Айымдар ич кийим тандоодо өңүнө маани берүүлөрү керек. Себеби эркектер ич кийимдин өңүнө карата да дүүлүгүшөт.
Кызыл түстөгү ич кийим кийген айымдарды эркектер эч нерседен тартынбаган, ачык-айрым, төшөктө фантазиясы күчтүү деп эсептешет. Ошондон улам мырзалар мындай айымдар менен болгон жыныстык катнаш учурунда жаңы ыкмаларды колдонуудан тартынышпайт.
Кара түстөгү ич кийимди көп кийген айымдар өзгөчө ыкмаларды колдонгонду жактырган айымдар. Мисалы, сазо-мазохизмде колдонулуучу ыкмаларды жактырышат. Ошондой эле экстремалдык учурда кумарга батуудан баш тартышпайт. Андыктан эркектердин канча бир бөлүгү кара ич кийимден да дүүлүгүшөт.
Сары түстүү ич кийим кийген айымдын темпераменти кандай экендигин көпчүлүк эркектер биле беришпейт. Демек, мындай ич кийимден дүүлүгүшпөйт. Чынында эле узак убакытка созулган сексти каалоочулар көпчүлүк убакта сары ич кийимге басым жасашары аныкталган.
Сыя-көк жана күлгүн түстөгү ич кийим. Мындай айымдар өтө сезимтал келип, тез дүүлүгүшөт. Өзү менен кошо мырзаларды да тез дүүлүгүүгө жеткиришет.
Көк түс. Айымдар, көк түстөн качыңыздар. Эркектер бул түстөгү ич кийимдерди көп кийгендерди “төшөктөгү дөңгөчтөр” деп билишет.
Жашыл түс. Төшөктө эркек менен бир эле жолу кумарга батып, андан кийин жолугушууну каалабагандар ушундай ич кийимдерди баалашат. Тактап айтканда, улам башкалар менен көңүл ачууну каалагандар. Муну билген мырзалар жашыл ич кийим кийген айымды көргөндө дүүлүкпөй эле шаабайы сууп калышы мүмкүн. Андыктан жашыл ич кийим кийүү сунушталбайт.
Ак жана боз түс. Бул түстөгү ич кийимди көпчүлүк адамдар кийишет. Ак түстү жактоочу айымдар төшөктө эч кандай өзгөчөлүккө ээ эмес, нейтралдуу айымдар.

Макала "Супер-Инфо" гезитинин №394-санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Asel69
2020-09-23 14:16:29
Төшү чоң, жамбашы чыгып турган айымдарга баардык эркек көңүл бөлөт. Анан албетте аял киши дайыма чачын кое берип, жасатып алса аял кишинин жылдызын, келбеттүүлүгүн артырат. Эркек жэ аял болобу Адам дайыма озунун сырткы келбетине конул болгону жакшы. Эгер аял киши жагымдуу сырткы келбети менен конул бурдуртпаса, ал аял коомдо эч баркталбайт. Эркектер дайыма аялдын сырткы келбетине карап мамиле жасайт. Ажайып, чачтарын кое берип жасанып, жылдыздуу журсо, эркектердин сыйлоо сезими да ойгонот
-6
guljan929
2020-09-23 14:45:18
Asel69,Ошондойбу чын эле тообо. Жакшы билет турбайсынбы акылдуу десе
+8
Mister-X
2020-09-23 17:14:01
Asel69,Билесинерби айымдар,эркек аялдын жан дуйносунун сулуулугуна карашат.Мен бойдок кезимде айылдан мобу кыз сулуу десен,койчу ал коп жигиттер менен суйлошот дешчү.Жөнөкөй,боенбогон,өзүн тыкан алып жүргөн кыздарга көбү ашык болот.Андай кыздарга сүйлөштөн айбыгат.Демек,ошондой сүрдөтчү кыздарды сүйүшөт жана жашоодо сыйлашат.
Ооба,сырткы келбетке да карайт.Бирок акылдуу кыздын сырткы келбети эч качан жаман болбойт.Эркекби,аялбы жөнөкөй болсо баары ага суктанышат.
+10
sultan_bek
2020-09-23 18:04:46
Mister-X,
Аял киши дайыма сулуу жургону жакшы да. Аял киши сулуу болсо аларга дайыма конул бурулат. Э
Ошондуктан аял киши дайыма бети башын чумкоп албай тескерсинче чачтарын жасанып, кое берип жургондору жакшы.
-13
guljan929
2020-09-23 23:11:06
sultan_bek, эже карындаш, кыздарынды жасанттып көчөгө чыгарып жүрө бер. баардык эркек суктанып көнүл бурушсун. сен ошолор менен сыймыктанып жүрө бересин
+4
Agayu
2020-09-23 14:48:14
Бир сөз менен айтканда Орус кыздары шилекейиңди куюлтат. Алар өздөрүн өтө сонун карашат .Кымбат качественный нерселерден аянышбайт
-6
Mister-X
2020-09-23 17:17:13
Мага баары бир кандай кийинсе да,өзүмө жаккан айымдын ич кийимине карабайм.Бирок башкаларга сулуулугун көрсөтпөйм.Жарым жыланач кылып кийиндирбейм.Ал эми аялдын көңүлүн табуу эркектин колунда.
+11
Margana93
2020-09-23 18:56:33
Жакшы кенештер экен
+3
Erkinbek02022012
2020-09-24 10:29:05
Билбейм арбир адамдын вкусу ар кандай болот кээбири толугуракты кээбири арыкчырай аялзаты дүлүктүрөт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан