Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата “Театр жана көрүүчү” аттуу акция болот

Бишкекте 21-сентябрда шаар күнүнө карата “Театр жана көрүүчү” аттуу акция болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. “Саат 17:00дө борбордогу 6 театрдын актёрлору өздөрү иштеген театрдын алдындагы аянттарда өнөр көрсөтүшөт. Акциянын максаты - көрүүчүлөрдүн театрга болгон кызыгуусун күчөтүү. Ачык аянтта ар бир театр өз программасын тартуулоо менен бирге театралдык сезонун ачат”,- деп билдирет мэрия. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан