Сауд Арабия мусулман дүйнөсүнүн ыйык жайларына зыяратчыларды кабыл алууну кайрадан улантат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабия бийлиги 4-октябрдан баштап ажылык зыяратты акырындык менен калыбына келтирип баштайт. Биринчи этапта зыяратчылардын күнүмдүк саны 6 миң адамга (анын ичинде Сауд Арабиясы жана чет өлкөлүк жарандар кирет) чейин чектөө болмокчу.
Сауд Арабиясы коронавирус пандемиясынын кесепетинен чет өлкөлүк зыяратчыларды кабыл алууну токтоткон.