Бишкектин Ленин районунда үч жеңил унаа сүзүшүп, 3 жаран жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 23-сентябрь күнү саат 09:05те Масалиев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки Тойота Камри жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.