Скрипканын чебери, музыкант Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаевдин үйүндө наристе үнү жаңырды. Кырк жылкылуу болгонун айткан Назбек Кенчинбаев кубанычы менен тең бөлүшүп, буларга токтолду.
"Жубайым кечээ, 23-сентябрда шаардагы менчик төрөтканалардын биринде көз жарды. Эне, баланын абалы жакшы. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 200 грамм, бою 55 сантиметр болду. Учурда кызымды көргөнгө бара жатам. Төрөткана менчик болгондуктан кечээ көрө алган эмесмин.
Чоң атама балалуу болсом, чөбөрөңүзгө ысымды сиз коюңуз деген сөзүм бар болчу. Азырынча кызыбызга ысымды тандай элекпиз", - дейт ал.
Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева 2016-жылы август айында баш кошкон.