Бишкекте чала таанышынын унаасын сатып, акчасын уттуруп жибергенге шектелген жаран кармалды

Бишкек шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери автоунаалар менен алдамчылык кылган шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-августта Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине У.У аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда Замир аттуу анын чала таанышы апрель айынын аягында 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда жабырлануучунун ишенимине кирип Honda Fit Aria маркасындагы 4 жарым миң доллар турган унаасын алып, белгисиз жакка из жашырып кеткен.

"Бул факт Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иш-чараларынын жыйынтыгында борбордун аймагындагы кумар ойноочу жайлардын биринде кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган З.З. аттуу жаран кармалып, эки айга СИЗО-1ге камакка алынган. Териштирүүдө шектүү унааны үчүнчү жакка сатып жиберип, анын акчасын оюн автоматтарына уттуруп жиберген. Учурда унаа табылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан