Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды

Бишкек шаардык милициясы алдамчылыкка шектүү эки аялды кармады. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-августта Свердлов районун РИИБине А.Э аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал М.Ж. жана Н.А аттуу жарандар Курманжан Датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинен тиричилик техникаларын бөлүп сатып алуу шылтоосу менен жалпы суммасы 515 миң сомду түзгөн мүлктү алып, үчүнчү жактарга кайра сатып, из жашырып кетишкен.

"Бул факт Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, аталган кылмышка шектелип 1977-жылы туулган М.Ж жана 1962-жылы туулган Н.А аттуу жарандар кармалган. Алар Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык СИЗО-1ге бир айга камакка алынышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан