Орусияда эмгектенип жүргөн жаш түгөйлөр: "Жүрөктө эч бир нерсе менен толтура алгыс боштук бар, ал мекенге болгон сагыныч..."

Өлкөбүздө тышкы миграция күч алган кезде дүйнөнүн ар бир бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди кезиктирүүгө болот. Ал гана эмес көпчүлүгү үй-бүлөсү менен чет жерде, бөтөн элде "өз киндигин өзү кесип" талыкпай эмгектенип, көздөгөн максаттарына жетип келе жатканы айкын. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз айлап-жылдап тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн гана эмес, өлкөнүн экономикасынын арабасын кошо тартып келе жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы.

SUPER.KG порталы учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эмгектенип жүргөн жаш түгөйлөр Талант Сапарбаев жана Айдана Өмүржанова менен маек курду. Каармандарыбыз өлкөгө болгон сагынычы, тарыхый шаардан алган таасирлери, жетишкен ийгиликтери тууралуу ой бөлүштү.

Талант Сапарбаев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча экономист-менеджмент. Айдана Өмүржанова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Кесиби боюнча филолог-котормочу. Түгөйлөр Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылынын тургундары. Бир уулу бар. Учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эмгектенип жатышат.

— Санкт-Петербургда эмгектенип жатканыңыздарга канча убакыт болду?

Сапарбаев: Келгенибизге бир жылдан ашып калды. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнө бара элекпиз.

— Ал жакта эмне жумуш кыласыздар?

Айдана Өмүржанова: Биз тоок өндүрүп, экспорттоочу фабрикада эмгектенебиз. Жумушубуз жакшы, айлык маянабыз да жакшы, болгону өз кесибибиз менен эмес, чет жерде башка эле багытта иштеп жатканыбыз өкүндүрөт. Бул жакта илимдүү, билимдүү жаштар миңдеп саналат. Өкүнүчтүүсү мекенге кызмат кылбай, баары сыртта жүргөнү...

— Сиздер аталган шаарга барып, жашап жатканыңыздарга дээрлик бир жылдан ашып калыптыр. Бул албетте, аз убакыт эмес. Айтсаңыздар, Санкт-Петербургдун артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө?

Айдана Өмүржанова: Артыкчылык жактарын санай берсе көп, мисалы мага айрыкча шаардын тазалыгы жагат. Анан да тарыхый шаар болгондуктан, тарыхый жайлар көп. 3 миллионго жакын маданий эстеликтер сакталып турган айтылуу Эрмитаж музейи да дал ушул шаарда Нева дарыясынын жээгинде жайгашкан. Андан сырткары жайы салкын, кышы суук келип, Кыргыз өлкөсүнүн климатына окшош. Кемчилиги деп баса белгилеп көрсөтчү деле жагдай байкаган жокмун. Элибизде дагы жакшы сөз бар эмеспи "жакшыны айтып жаялы, жаманды айтпай коёлу" деген (күлүп).

Талант Сапарбаев: Мен артыкчылыгы катары Санкт-Петербург шаарын экономикасы өнүккөн алдыңкы шаарлардын бири деп айта алам.

Мыкты жооп болду. Жашоодобу, жумуштабы кыйынчылыктар болбой койбойт. Сиздер жашоодогу татаалдыктардан кантип чыгасыздар?

Айдана Өмүржанова: Кыйынчылыгы жок жашоону да, жумушту да элестетүү кыйын. Биз ошол ар бир тоскоолдукка туруштук берүү менен жошоодо өзүбүздү курчута алабыз. Куранда дагы айтылат "ар кыйынчылыктын артында бир жеңилдик бар" деп. Татаалдык бул - жаңы бир ийгиликтин башталышы деп билем. Албетте, сабыр менен жеңгенге аракет кылам.

Талант Сапарбаев: Айдана туура айтат, кыйынчылык болбой койбойт. Баарын сабыр менен жеңгенге аракет кылабыз.


Башка өлкөнүн, бөтөн элдин жашоосуна көнүү деле оңой эмес чыгар. Шаарга барган алгачкы күндөрдү эстеп, бүгүнкү күндөр менен салыштыруулар болсо керек...

Айдана Өмүржанова: Мага бир аз кыйын болду. Жумушка орношуп, орун алып көнгөнчө кыйналдым. Ал эми азыр болсо Кудайга шүгүр, көнүп калдым.

Бош убактыңыздарды кандай өткөрөсүздөр?
Талант Сапарбаев: Бош убактыт болгондо дос балдар менен чогулуп футбол, волейбол ойноп турабыз. Ал эми китептер боюнча айтсам, кесибим экономист болгонгобу, айтор, адабий китептерге көп кызыга бербейм. Ал эми бизнес тууралуу, шыктандыруучу китептерди окуп турам.
Айдана Өмүржанова: Бош убактыбыз чындыгында ар кандай өтөт. Кээ бир бош күндөрү шаар кыдырып, тарыхый жерлерди көргөнгө аракет кылабыз. Ал эми айрым учурда үйдө өткөргөн күндөр болот. Андан сырткары чыныгы байлык бул китепте деп айтылат эмеспи, китеп мен үчүн биринчи орунда. Убактымдын тардыгына байланыштуу акыркы убактарда аудио китептерди угуп жүрөм. Кээде жумуштан эрте келгенде, түн бир оокумга чейин китеп окуу адатым бар. Кесибиме байланыштуу адабиятка, тарыхка кызыгам. Кыргыз өлкөсүнөн кыргызча жаңы чыккан китептерди алдырып окуп турам.

Санкт-Петербург шаарына барганыңыздарга бир жылдан ашып калган экен, эми бул аралыкта кандай ийгиликтерге жетише алдыңыздар?

Талант Сапарбаев: Негизи көпчүлүгүбүздү мигрант болууга мажбурлаган көйгөй өлкөдөгү айлык маянанын аздыгы экени баарыбызга белгилүү. Жакында ак өргөөлүү болдук. Тапкан чоң ийгилик катары мына ушуну айта алабыз. Кудай буюрса, калган ийгиликтер дагы да алдыда деп ойлойм.

— Эң сонун! Көкүрөктө мекенге болгон сагыныч ойгонгондо алгач кимдер же эмнелар ойго келет?

Талант Сапарбаев: Алгач эле ата-энебиз, жакындарыбыз жана өзгөчө уулубузга болгон сагынычты айта алам. "Туулган жердин топурагы алтын" деп бекеринен айтылбаса керек. Балалык күндөрдүн изи калган айыл, таза аба, айылдын жөнөкөй асыл адамдары анан дагы кыргыз жигиттери жылкыга жакын келет эмеспи. Мына ушул нерселердин баары ар дайым көкүрөктө сагыныч менен жашап келет. Кудай буюруп, ойлогон максаттарыбызга жетип, мекенге кайтууну насип этсин.

Айдана Өмүржанова: Көкүрөктөгү сагыныч ойгонгондо эле эсиме алгач ата-энем, туугандарым, айылдын бейпил турмушу элестейт. Кыргыз эли кең пейил эл келет эмеспи, эч бир жерден таба алгыс мээрим, жылуулук, бейпилдик мына ошол мекенибизде... Көкүрөктөгү сагынычты сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Муну мекенден алыста жүргөн адам гана сезет. Жүрөктө эч бир нерсе менен толтура алгыс боштук бар болсо, ал дагы мекенге болгон сагыныч...

Маегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Аман-эсен мекенге кайтып, жакындарыңыздар менен жакшы күндөрдө көрүшүү насип болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jolbors
2020-09-25 09:19:45
Бактылуу болгула, бардык тилек-максаттарыңар орундалсын.
+4
aizada2020
2020-09-25 10:57:55
кайда журсонор да бактылуу болгула. буйурса келесинер да мекенге. Питер кооз шаар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан