SUPER.KG порталынын "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Эл аралык Кувейт университетинин социалдык лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова фразеологизм сөздөрдүн мааниси тууралуу түшүндүрмө берди.
1. "Мурдун балта кеспеген" - Жоопкерчилиги жок деген мааниде колдонулат. Эч нерсе болбогондой, жоопкерчиликсиз адамдарга карата өтмө мааниде колдонулат. Мисалы: Бөлтүрүктөрдү уурдаган Базарбай мурдун балта кеспей кайра Бостонду күнөөлөдү. (Ч.Айтматов).
2. "Кой үстүндө торгой жумурткалаган" - Токчулук, бышыкчылык, жакшылык болгон мезгил. Мисалы: Эки жаштын үйлөнүү тоюн кой үстүндө торгой жумурткалаган мезгилде өткөрөлү. (Элдик сөз).
3. "Алдына миң жылкы салуу" - Мас абалдагы кишинин ызы-чуу чыгарганы. Мисалы: Акмырза жашы өтсө да алдына миң жылкы салууну калтырбады. (Элдик сөз).