Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам ушул жекшемби 27-сентябрга белгиленген Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата веложүрүш токтотулду. Бирок донорлордун күнү белгиленет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Донорлор күнү 26-сентябрь, ишемби күнү бардык санитардык талаптарга жооп берүү менен жергиликтүү форматта өткөрүлөт.