16-17-сентябрь күнү өлкө аймагында “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, операцияга ички иштер органдарынын 3 миңден ашык кызматкерлери тартылган. Издөө топтору тарабынан издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип, дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн, аты-жөнү такталбаган жансыз денелердин ким экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.
"Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн 92 адам, анын ичинен оор кылмыштар үчүн шектелгендер кармалган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү - 7 адам, каракчылык - 3, зордуктоо - 3, тоноо - 4, башка кылмыштар үчүн - 75 адам кармалды.
Ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 62 кылмышкер кармалды. Дайынсыз жоголгон 40 адамдын кайда жүргөндүгү, белгисиз 6 өлүктүн өздүгү такталды.
Республика боюнча мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясынын натыйжасында 189 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен киши өлтүрүү - 1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү - 1, каракчылык - 1, зордуктоо - 1, тоноо - 14 жана башка кылмыштар - 171 факт аныкталды.
Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган 2 факты аныкталды", - деп айтылат маалыматта.