Теледебат. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту кантип чечесиңер? Айым талапкерлерден жооп

Бүгүн, 25-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат.

"Чоң-Казат" - Таалайкүл Айдаралиева, "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы"- Марияна Шермур, "Мекеним Кыргызстан"- Нургүл Аднаева, "Ыйман Нуру" - Динара Ашимова, "Реформа" - Рита Карасартова, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Венера Акматова катышууда.

1-СУРОО. Өлкөдө кадр саясаты кандай болушу керек?

"Чоң-Казат" - Таалайкүл Айдаралиева: "Бул өлкөдөгү көйгөй. Анткени билимдүү жаштар жумушу жок жүрөт. Өлкөдө бийликке тууган-уруктар чогулуп алгандыктан кырдаал ушундай. Билимдүү жаштар келиши керек. Жаштардын жумуштарын жеңилдетип, ар кандай программаларды киргизмек. Учурда өлкөдө бала бакча, мектеп, университет маселелери чечилбей жатса, анан кантип бул маселелер чечилмек эле".

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - Марияна Шермур: "Мен сизге толук кошулам. Чындыгында азыркы учурда адам ресурстары жетишпей жатат, албетте, мунун биринчи себеби биздин мекендештер башка өлкөлөргө кетип жатканы болушу мүмкүн. Алар айлык маянанын аздыгынан жана эч кандай перспектив жок болгондуктан кетип жатышат. Азыркы учурда бизге белгилүү болгон чет жерде жүргөн кадрларды тартышыбыз керек. Жаштар окууну эң мыкты окушат, бирок айлык маяна аз болуп жатат. Биздин оюбузча, мамлекеттик кызматтарда айлык маянаны көбөйтүшүбүз керек. Ошол эле учурда кадрларды тартууда профессионалдык деңгээлде мамиле кылышыбыз кажет. Маселен, кандайдыр бир тестирлөөнүн негизинде жумушка кабыл алуу зарыл. Профессионал кадрларды тартуу үчүн айлык маянаны көтөрүү".

"Мекеним Кыргызстан" париясынан талапкер Нургүл Аднаева. Жооп: "Биздин партиянын негизги байлыгы - бул эл. Биз жакшы кадрларды даярдаш үчүн бала бакчадан башташыбыз керек. Менин билишимче, биздин партиянын эң негизги программасы акылдуу жаштарды даярдоо. Эгер жаштар билимдүү, компетенттүү болсо, көп маселени чече алат. Биз ошол эле убакта экономиканы, айыл чарбаны каржы жана башка тармактардагы иш билги жаштарды даярдашыбыз керек. Бизде канчалык мыйзам күчтүү болсо, кадр саясаты дагы ошончолук күчтүү болот. Кадр саясаты боюнча чоң атайын программа болушу шарт".

"Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Динара Ашимова: "Партиянын программасында кадр саясаты боюнча чоң чаралар каралган. Азыркы учурда бизде кадр саясаты боюнча мыйзам жок, биз ошол мыйзамды даярдап жатабыз. Экинчиден, жаштар мамлекеттин көз жаздымында калып калууда. Биз мектептеги мүмкүнчүлүгү жок балдарга чет өлкөгө барып сынактарга катышып келүүгө пайызсыз насыя берүүнү карап жатабыз.
Кадр саясаты менен алек боло турган бизде мамлекеттик агент бар. Ошол мекеме өзүнүн эрежелерин иштеп чыгышы керек. Биздин мыкты жарандарыбыз чет өлкөдөн билим алып келип жатышат. Бирок алар келгенде ит келдиби, куш келдиби көңүл бурулбайт. Биз ошолорду ишке чакырышыбыз керек".

"Реформа" партиясы Рита Карасартова: "Негизи биз ушул трибунада туруп алып, өзүбүздү өзүбүз алдабай эле койсок жакшы болот эле да. Анткени кадрдын бузулушу ушул шайлоодон башталат. Көп кишилердин баары эле парламентке депутат болуп келбейт да. Бирок чуркагандардын баарына "мен сени прокурор кылам", "бул жакта бала бакча бар экен, ошого директор кылам" дегендерди биз көрүп жатабыз.
Ошондо депутаттыкка шайланып келген бийлик анан өздөрү отуруп алып, каалагандай калчап жатышат. Анын артында алардын билими барбы эч кимди өкүндүрбөйт. Роза Отунбаеванын кезинде атайын кадр саясаты түзүлгөн. Ал жерде компьютерлер жаңыланган. Мамлекеттик кызматкер гана эмес, муниципалдык кызматы дагы онлайнга өтүшү керек. Өзүнүн программасын айтып өтүшү керек. Кадр саясаты ар дайым бир тараптуу болбошу керек да. Экинчи тарабы - бул көрсөткүчтөр.
Кадр саясаты биринчиден, онлайн ачык сынак, экинчиден, көрсөткүчтөрдүн негизинде куралышы керек".

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер Венера Акматова: "Биздеги кадр саясатындагы алешемдиктен улам ар кандай көйгөйлөр жаралууда. Кадр саясатын туруктуу чечүү үчүн мамлекеттин атайын программасы жана саясаты болуш керек. Мектеп жана жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсүнүн моделин аныкташ керек. Тагыраагы, жогорку, алдыңкы технологияларды өзүнө сиңирген, ошону менен катар эле улуттук баалуулуктарды алып жүргөн, өзүнүкүнөн да элдин кызыкчылыгын жогору койгон адистердин модели. Мындай адистерди тарбиялап, кызматка коюуда мамлекеттин акыйкаттуу саясаты болушу керек. Эң биринчи коррупцияга, тууганчылыкка бөгөт коюлушу шарт. Антпесе биздин мыкты, кесипкөй, интеллекти бийик адистерибиздин баары башка мамлекеттерге кетип жатышат. Айрым учурда мындай мыктылар өздөрүн мамлекетке керексиз деп сезишет. Бизде мамлекеттик кызматтарды дилетанттар ээлеп отурушат. Бүгүнкү күндө бизде сабатсыз кадрлардын партиясы даярдалып чыгып жатат".

2-СУРОО: Үй-бүлөдөгү зомбулукту жөнгө салуу боюнча кандай демилгелерди алып чыгасыздар? Жаңы кылмыш иши бул маселени толук кандуу жөнгө сала алабы?

"Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайкүл Айдаралиева: "Мен 5 баланын энеси катары бул маселелерди жакшы түшүнөм. Бизде бир балага 810 сомдон ашпаган пособие бөлүнөт. Эгер аны 30 күнгө бөлсөк 27 сомдон тиет. Эми карагыла. Нан өзү 25 сом болсо, анда бала нан менен гана тамактанабы? Ал эми мамлекеттер атайын кызматтагы иттердин бир күндүк тамагына 180 сомдон бөлөт экен. Бул деген туура эмес. Бизде акча каражаттын туура эмес бөлүштүргөндөн улам ушундай маселелер келип чыгууда. Мындан улам биздин партия акча каражаттарын туура бөлүштүрүүнү карап чыгат. Бизде үй-бүлөлөрдө эмнеге зордук болуп жатат. Бул деген социалдык проблема. Жашаганга үйдүн жоктугу, жетишпеген турмуш алып келүүдө. Мен бул маселелердин баары каржы маселесине келип такалууда деп айтат элем. Эгер ата-эненин турак үйү бар болсо, анда мындай маселелер болбойт".

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - Марияна Шермур: "Менимче, үй-бүлө институттарын бекемдөө боюнча биздин партиянын программасында саламаттыкты сактоо маселеси бар. Тагыраагы, азыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө жаш үй-бүлөлөр керектүү медициналык жардам ала алышпайт. Ошондой эле турак жай менен толук камсыз боло алышпайт. Себеби турак үйдүн баасы абдан кымбат. Бизде турак жай боюнча дагы программа бар экенинин айта кетейин. Мисалы, саламаттыкты сактоо боюнча биз жаш үй-бүлөлөргө жана 30 жаштан 50 жашка чейинки аялдарга акысыз медициналык кароодон өтүүнү сунуш кылабыз. Мындан тышкары мамлекет тараптан жаш үй-бүлөлөргө турак жай алып алышы үчүн насыя берүү. Мына ушундай жолдор менен жаш үй-бүлөлөргө жардам бере алабыз".

"Мекеним Кыргызстан" Таалайкүл Айдаралиева: "Негизи үй-бүлө коомдун өзөгү. Үй-бүлө бекем болсо бул өлкөнүн өсүшүнө дагы жардам берет. Биринчи бюджет, анан баалуулук жана балдарды тарбиялоо. Депутаттыкка аттанган бардык айымдар трибунада ушул маселени чечебиз деп бара жатабыз. Себеби биз, апалар жана социалдык маселелерди жакшы түшүнөбүз. Үй-бүлөдө биринчи ден соолук болушу керек. Себеби пандемия муну бизге жакшы түшүндүрдү".

"Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Динара Ашимова: "Жогорку Кеңештин регламенттери депутаттар тарабынан дайыма бузулуп келгенин билебиз. Бизде үй-бүлө, нике, балдар кодекстери бар. Ал жерде жарандардын укуктары толук каралган жана мамлекеттин милдеттери дагы бар. Бирок депутаттар регламентти бузуу менен формалдуу түрдө эле кабыл алып коюшкан.
Биздин партиянын биринчи аткара турган иши парламенттик көзөмөл жана аткаруу бийлигин көзөмөлдөөнү камсыз кылуу. Программабызда эң орчундуу делинген турак жай менен камсыз кылуу маселесин чечүү каралган. Биздин партия эң орчундуу делинген турак жай маселе - жаш үй-бүлөлөргө 25 жылга 2 пайыз менен ипотека берүүнү, ал эми башка категориядагыларга 6 пайыз менен ипотека берүүнүн бардык механизмин иштеп чыкты. Биз аны кантип ишке ашырууну дагы билебиз. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган айымдарга ордер берилчү. Бирок ал кагаз түрүндө гана калып келет. Учурда кодекске толуктоолор жана оңдоолор киргизилген".

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Акматова: "Үй-бүлө мамлекеттин негизин түзөт. Партиянын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо боюнча конкреттүү программасы жазылган. Биздин партия буга чейин да үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоонун социалдык көйгөйлөрүн көргөзүп келген. Эң башкысы үй-бүлөдөгү дискриминация - жумушсуздук жана турак жай маселеси. Ички жана тышкы миграциядан улам бизде канчалаган балдар жетим калууда. Үй-бүлө институту боюнча биздин конкреттүү программабызда турак жай менен камсыз кылуу каралган. Ошол эле учурда үстөк пайыз менен алган насыя, 3 баласы бар энелерге кошумча төлөмдөрдөн сырткары үй-бүлөлүк акы төлөөнүн механизмдери бар.
Алимент маселеси дагы программада камтылган. Биринчи кезекте аялдар өздөрүнүн укугун коргоо жаатында сабаттуу болушу керек. Ал үчүн колдоо маанилүү. Алиментти төлөө механизми бар".

"Реформа" партиясынан депутаттыкка талапкер Рита Карасартова: "Пандемиянын убагын эстетип койгонуңар үчүн рахмат. Азыркы учурда мамлекет эмне үчүн үй-бүлөнү коргоо борборлорун колдобойт. Алардын баары эл аралык донордук каражаттарга салынууда. А эмне үй-бүлө институту керек эмеспи? "Биз үйлөрдү курабыз, аларды камсыз кылабыз" деп убадаларды берип, алдай бербейли. Анткени биз азыр экономикалык оор кырдаалда турабыз. Бизнес иштебейт, салыктар түшпөйт. Бүгүнкү күндө үй-бүлө институттарын бекемдөө зарыл. Анткени аларда үй-бүлө маселелери, аларга эмне үчүн жардам берүү керек алаканга салгандай көрүнүп турат. Мындан сырткары пандемия учурунда аялдардын көпчүлүгү зордук-зомбулукка кабылышты. Алар кайда барып, кимден жардам аларын билишпейт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан