Айым талапкерлердин бири-бирине берген суроо-жооптору

Бүгүн, 25-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүүдө.

ТАЛАПКЕРЛЕРДИН БИРИ-БИРИНЕ БЕРГЕН СУРООЛОРУ:

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясына" "Чоң Казат" партиясынан суроо: "Партиянын лидери салык кызматына 22 миллион сомду качан төлөйт?

Жооп: "Мен партиянын атынан келдим. Ага жооп бере албайм. Буга чейин силердин лидер ушул суроону узатып, жооп алса керек".

"Чоң Казат" партиясынан "Мекеним Кыргызстан" партиясына суроо: "Раим Матраимов коррупционерби?

Жооп: "Силер буга чейин бул суроого жооп алып келгенсиңер. Ал биздин партиянын мүчөсү эмес. Экинчиден, коррупционер экенин укук коргоо органдары аныктап, сот иштери болушу керек".

Суроо: "Ал эми аялы Дубайга барып эс алып, кымбат квартираларды сатып алганына кандай карайсыңар?"

Жооп: "Мен аны өз көзүм менен көрбөсөм сизге кантип жооп берем".

Суроо: "Акматбек Келдибеков, Искендер Матраимов кайра эле бийликке бара жатышат. Өлкөнүн деңгээли ошолор үчүн түшкөн жокпу? "

Жооп: "Сиз атаган адамдар жаман адамдар же коррупционерлер болсо сот иштери болмок. Бирок аларда андай жок. Ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын жараны катары шайлоого катыша алышат."

"Чоң-Казат" партиясынан "Ыйман Нуру" партиясына суроо: "Максим Бакиевдин жанында (ред: сүрөттү көрсөтүп) Учкун Ташбаев отурат. Убагында ал Максим Бакиевдин жардамчысы болуптур. Ал силердин партияңарда 9-орунда бара жатыптыр. Ушул адам тазабы?".

Жооп: "Максим Бакиев жана негизги фигуранттар качып кеткен. Ошондой эле укук коргоо органдары иш жүргүзгөн. Ал эми Ташбаевдин соттолгону тууралуу документ анын күнөөсү жок үчүн алынган".

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан "Чоң-Казат" партиясына суроо: "Аябай популисттик чакырыктар менен кетип жатасыңар. Ал эми карапайым элге конкреттүү кандай жардам бере аласыңар?

Жооп: "Сыймык Жапыкеев эч кимден коркпой коррупционерлердин атын айтып жатат. Бул деген өзү эле ачылыш. Эгер бийлик иштесе мендей адамдар ушундай маселелер менен ушул жерге келбейт эле. Биз чыныгы элдик партиябыз. Бизди эл колдойт. Бизде байлар жок. Жакшы бизнесмен жакшы саясатчы боло албайт деген макал бар да".

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан "Реформа" партиясына суроо: "Рита Карасартова, сиз башталгыч билим берүү агенттигинде 7 ай иштедиңиз. 7 айда ийгилик жаратыш кыйын. Жогорку Кеңешке келсеңиз ал жактагы маселелерди кандай чечесиз жана кандай механизмдерди иштеп чыктыңыз?"

Жооп: "Мен негизи Жогорку Кеңешке ошол механизмдер менен кайрылгам. Бирок ал Жогорку Кеңеште жатат."

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" "Чоң Казат" партиясына суроо": "Сиздердин программаңыздарда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча программа барбы?"

Жооп: "Ооба, биздин программада бар. Ал сайтта дагы, кагаз түрүндө дагы бизде бар".


"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" "Мекеним Кыргызстан" партиясына суроо: "Партиядагы талапкерлердин тизмесинен 8 айымдын кеткендигинин себеби эмнеде?

Жооп: "Жакшы суроо. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча 8 айым деп жатсаңыз керек. Алардын кеткендиги анык. Бирок бул гендердик теңсиздик эмес.Ошондой эле БШКнын талаптарына ылайык кетишкен".


"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" "Ыйман Нуру" партиясына суроо: "Сиздердин билим берүү тармагына жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы кандай сунуштарыңыздар бар?"

Жооп: "Зомбулук боюнча бизде эң сонун мыйзамдар бар. Болгону алар иштебейт. Ал эми билим берүү тармагы боюнча Кыргыз өлкөсү инновацияга карай алдыга умтулушу керек. Буга байланыштуу көп сунуштар бар. Алардын ичинен санариптештирүү дагы".

"Реформа" партиясынан "Бүтүн Кыргызстан" партиясына суроо: "Силердин жетекчиңер 2006-жылдан 2009-жылга чейин эбегейсиз бийик деңгээлдеги бийик кызматтарга ээ болгон. Жакшы деңгээлге жеткирген бир ишин айтып берсеңиз?".

Жооп: "Биздин "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров өзүнүн интеллектуалдык, кесиптик потенциалы менен көптөгөн кызматтарды аркалаган. Мыкты демилгелерди көтөрүп келген, көтөрө дагы бермекчи. Буга бир мисал, мектептердеги окуучулардын бекер тамак менен камсыз болуу. Бардыгыбыз үчүн бул жагымдуу шарт болуп жатат. Мына ушуну биринчи демилгелеген жана ишке ашуусун көзөмөлдөгөн. Ал эми экинчиси Баатыр энелердин мамлекет тарабынан колдоого ээ болуу сунушун демилгелеген жана ишке ашырган".

"Реформа" партиясынан "Ыйман Нуру" партиясына суроо: "Ихлас курулуш компаниясынын" ээлери азыр силердин араңарда. Мурун ал компания Икрам Илмянов менен Жантөрө Сатыбалдиевде болчу. Соттолуп кеткенден кийин кантип силердин партиялаштарыңарга тийип калды?

Жооп: "Айбек Осмонов биздин төрагабыз болгон чынында. Ал биздин партиядагы талапкерлерди чакырып, жакшы команда түзгөн. Абдан чоң критерийлер болгон. Айбек Осмонов кайра шайлоого баруудан баш тартты".




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан