Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга аталган үйгө кол салуу боюнча маалымат 26-сентябрь күнү болжол менен саат 03:10до түшкөн. Анда саат 02:50лөр чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.
Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Шектүүлөрдү кармоо иш-чаралары жүрүүдө. Учурда кызматкерлер иштеп жатышат.