Орусиядагы көпүрө кырсыгы. Ишкана жабыркагандарга медициналык жана материалдык жардам көрсөтө турганын билдирди

Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, 49 Кыргыз жараны жаракат алганы маалымдалган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги учурда жабыркагандардын саны 51ге жеткенин кабарлады.

"Элчиликтин кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин "FM LOGISTIC" компаниясынын жетекчилиги жабыркаган Кыргыз жарандарга бардык керектүү материалдык жардам жана медициналык камсыздандырууга даяр экендигин билдиришти. Элчиликтин кызматкерлери "FM LOGISTIC" компаниясынын өкүлдөрү менен Москва облусунун Красногорск жана Солнечногорск шаарларындагы ооруканаларга барып, оор абалда жаткан мекендештерибизге жардам көрсөтүштү. Ыкчам жардам көрсөтүү максатында, жаракат алган айрым жарандарыбыз тик учак менен ооруканаларга жеткирилген.

Ошондой эле айрым жарандарыбыз Ступино, Чехов, Серпухов, Подольска, Коломна жана Домодедово райондорундагы ооруканаларда жатат. Ал эми элчилик Москва облусунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен окуянын объективдүү тергелишин камсыз кылууну жана күнөөлүүлөрдү катуу жоопко тартуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Мындан тышкары, элчилик Орусия Федерациясынын тергөө комитетине, Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине көпүрөнүн кулап түшүшү боюнча кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен расмий катты жөнөттү. Учурда окуя болгон жерде элчиликтин кызматкерлери бар жана окуя элчинин жеке көзөмөлүндө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Burulai00
2020-09-27 17:57:29
Кудай сактасын.Бизди озу барып журчу элек кече выходной алдык эле.
+4
nazira...
2020-09-27 18:33:51
Жалан кыргыздвр эле иштейт бекен ал жерде?
+3
Burulai00
2020-09-27 20:24:36
nazira..., Жок ,постоянно ар улуттун Эли иштейт, кыргыздар кунуно подработкага барчубуз 150дой адам.ал жер чон склад
0
nazira...
2020-09-27 22:12:21
Анда неге жалан кыргыздар жабыркады, тан калыштуу. Кайсы жерде массовый бир нерсе болсо созсуз кыргыздар болот, кыргызстанда кыргыздар аз калган окшойт, баары россиялап. Кыргызстан онолот бекен же жоголот бекен мындай кетиште. Баары кайтып келип бул жакта эле иштешсе кана
+4
Burulai00
2020-09-29 00:08:01
nazira...,потому что ар кайсы компания ар кандай убакта чыгат складдан ,кыргыздар чыкканда пропуска мн ачыла Турган эшик жабылып калып ошол мосто тортолуп калышкан,мост которо албай ,кулап кеткен
0
Zarema11
2020-09-28 00:17:24
Батырак айыгып алышсын. Кырсык каш кабактын ортосунда да. Ар бир элди Кудай озу сактасын. Кай жерде журсок да. Бир эле Кыргыз эмес бут жерден иштешет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан