14-сентябрда унаа кырсыгынан Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 4 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"27-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында саат 08:00дө Ноокат райондук №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 16:40 чамасында наристенин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Окуянын чоо-жайы:
Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу
маалымдалган. Кийин 17-сентябрда 1956-жылы туулган кишинин жансыз денеси суудан табылган.