Бүгүн “Жеңиш” сейил багында боёктор фестивалы болот

Бүгүн, 20-сентябрда саат 18:00дөн 22:00гө чейин Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында боёктор фестивалы болот. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата өткөрүлөт. Шаар тургундарынын башын бириктирүү максатында өткөрүлө турган фестиваль учурунда бардык каалоочулар өлкөнүн келечегин кандай элестетишсе, ошол тууралуу сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк алышат. Иш-чарага эстрада жылдыздары жана бийчилер катышышмакчы.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан