Бишкектин "Энесай" суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин шаардын айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу "Энесай", "Дордой-1" жана "Дордой-2" конуштарында өчүрүлөт. Анын ичинде:
№9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
Орхан көчөсүндөгү бала бакча;
№21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
№20 китепкана;
№7 милициянын бөлүмү;
№21, №94 мектеп;
"КУТ Монтажстрой" компаниясы;
Дордой-17, 20А көчөсүндөгү "Ак-Илбирс" мекемеси;
№6 милициянын бөлүмү;
"Бегимай-Дордой" бала бакчасы;
Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору.