Маданият министри Туюк-Төр аска-таш бетине тартылган сүрөттөр менен таанышып чыкты

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барды. Анда аталган аймакта жайгашкан Туюк-Төр аска-таш бетине тартылган сүрөттөр жайгашкан жерге барып (петроглифтер), учурдагы анын корголушу жана сактоо иш-аракеттери менен жеринен таанышып чыкты.

Туюк-Төр петроглифтери Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы Каракол капчыгайында жайгашкан. Бул объект жакыныкы жылдары жаңы табылган. Аталган маданий-тарыхый эстеликти сактап калууну камсыздоо жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска-таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл экендигин белгиленди. Алгачкы кезекте бул тарыхый маданий баалуулукка изилдөө иштерин дыкат жүргүзүп, анын баалуулугун толук аныктоо зарыл экендигин айтылды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш жана археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Андыктан бул багытта министр мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарга, өлкөдө сакталып калган археологиялык баалуулуктарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, министрлик тиешелүү деңгээлде иш жүрө тургандыгын кошумчалады. Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү жана уникалдуу эстеликтердин катарына Ур-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет. Министрдин иш сапары дагы уланып, Талас районундагы Ак-Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай-Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый-маданий мурас объекттери менен жеринен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан