Талас облусунун Бакай-Ата районунда атасынын өлүмүнө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү Кара-Коюн өзөнүндөгү кашарда болгон.
"Анда 74 жаштагы аксакалдын кичүү уулу талаада мал жайып жүргөн жеринен атылган октун үнүн угуп сарайга келген. Жерде атасы кансырап жатканын көрүп, ооруканага алып барган. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгон. Ок анын сол бутунун санына тийген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринде шектүү катары карыянын улуу баласы кармалган. Учурда ал сурак берүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.