Бүгүн, 30-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 33 миллион 511 миң 752 болду. Анын ичинен 23 миллион 269 миң 976 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 4 миң 808 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 188 миң 71 адамдан коронавирус аныкталды. 205 миң 942 адам каза болсо, 2 миллион 809 миң 674 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 145 миң 291 адамдан аныкталды. 96 миң 318 адам каза болсо, 5 миллион 101 миң 397 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 745 миң 464 адам вируска кабылган. 142 миң 58 бейтап көз жумса, 4 миллион 227 миң 249 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.