Кош бойлуумун, эми кантем? "Болочок энелердин коронавирустан сактануусунун эң жакшы жолу - изоляция" дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси

Саламаттыкты сактоо министринин мурунку кеңешчиси Елена Баялинова Фейсбук баракчасына министрликтин башкы адиси Раиса Асылбашева менен COVID-19 пандемиясы учурундагы кош бойлуу аялдардын тагдыры тууралуу маекти жарыялады. Маектин урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

- Эл таң калып бүтпөй жатат, кантип төрөткананын базасында коронавирус оорусуна шектелгендерди жана ооруган адамдар менен байланышкандарды жаткыруучу обсервация ачылып калды?

- Ооба, чынында эле Бишкектеги №2 төрөтканасында 26 орундуу обсервациялык бөлүм ачылган. Ал жакта операциялык жана процедуралык бөлмө, төрөт залы, акушердин жана жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн бөлмөлөр бар. Башка төрөт үйлөрүндө мындай шарт жок болчу. Бул жакта башка корпустардан обочолонгон өзүнчө имарат бар. Ошондуктан №2 төрөтканага ачууну туура көрдүк. Эми бул жакка бир жасалма дем алдыруучу аппарат алдырып алсак, коронавирус менен ооруган аялдар жатса, дарылоого бардык шарт болмок.

- Учурда обсервацияда коронавирус менен ооруган аялдар барбы?

- Азырынча ооругандар жок. Вирус жуктургандар менен байланышта болгондор бар.

- Вирус кош бойлуу аялдын курсагындагы балага кандай таасир берет, изилдендиби?

- Бул тууралуу бизде маалымат өтө аз. Эң башкысы - коргонуу эрежелерин сактоо. Кош бойлуу аял өзү жана баласы үчүн эки эсе жоопкер. Ден соолугу чың болуусу үчүн эң жакшы жол - изоляция. Биз аялдарга ооруканаларга келип, дарыгерлерди издебегиле, алар менен уюлдук байланыш аркылуу гана байланышкыла деп эскертип жатабыз. Азыркы кырдаалда оор көйгөйү жок болсо, дистанциялык кеңеш эле алып турганы жакшы.

Ал эми коркунучтуу топто турган аялдардын ден соолугу боюнча дистанциялык консилиум уюштуруп турабыз. Керек болсо медициналык мекеменин жетекчиси үйүнө барып жардам көрсөтүү үчүн атайын бригаданы жөнөтүүсү кажет. Эгер мүмкүн болсо жеринен экспресс-тест алып, андан башка керектүү анализдер да жеринен алынат.

Дагы бир жолу аялдарга (коркунучтуу топтогулардан тышкары) онлайн консультацияга өтүүсүн эскертем!

Эгер аялдын төрөтү жакындап калса, "Тез жардам" кызматын үйүнө жөнөтөбүз. Үйүнө чыгарда да энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт жана ымыркайдын абалы тууралуу уюлдук байланыш аркылуу адистерден кеңеш алып турганы оң.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан