Кимге ишениш керек? Республикалык штаб "№13 үй-бүлөлүк медицина борбору эртеңден баштап иштейт" десе, мэрия "мекеме штаттык режимде иштөөдө" дейт

Бүгүн, 18-апрель күнү республикалык штаб Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринен коронавирус аныкталып, мекеме дезинфекцияланып, 19-апрелден, тагыраагы, эртеңден баштап иштей турганын билдирген. Андан көп өтпөй шаардык мэрия аталган медицина борбору штаттык режимде иштеп жатканы тууралуу маалымат таратты.

"Эртең менен №13 үй-бүлөлүк медицина борбору жабылды деген маалымат тарады. Аталган маалымат чындыкка жатпайт. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова №13 үй-бүлөлүк медицина борборунда убагы менен дезинфекция иштери жүргүзүлгөнүн жана мекеме 1 күнгө да жабылбай штаттык режимде иштеп жатканын билдирет. Мобилдүү медициналык бригада, бейтапкананын администрациясы, процедуралык-эмдөө бөлүмдөрү жана медицина кызматкерлери кадимкидей иштеп жатышат. Чынында мекемеде коронавирус менен ооруган адам менен контактта болгон үй-бүлөлүк дарыгер аныкталган. Бирок алгоритмге ылайык, дароо коопсуздук иш-чаралары жүргүзүлгөн. 15 кызматкердин экспресс-тести коронавирус жок экендигин тастыктаса да, коопсуздук үчүн үй карантинине жиберилген. Учурда эч кимиси ден соолугуна арызданган жок. Жакынкы аралыкта алардан ПЦР-анализ алынат.

Урматтуу тургундар, маалыматты расмий булактардан алып, жалган маалыматты таратпооңуздарды суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан