Баткенде 41 жаштагы жаран 2 килограмм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин атайын баңгизатка каршы күрөшүү кызматы баңги заттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Баткен облусунун Кадамжай шаарында 41 жаштагы У.З. аттуу жаран кармалган.
Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар каражат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат Ооганстанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы гашиш баңги заты экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.