Эртең Бишкектин Ынтымак жана Арча-Бешик жаңы конуштарында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнүн алкагында суу түтүктөрүнүн бекиткичтерин алмаштырууга байланыштуу, эртең, 1-октябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ынтымак жана Арча-Бешик жаңы конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.