Партиялардын лидерлеринин теледебаты. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын кандай пландап жатасыңар?

30-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өттү. Дебатка беш партиянын лидерлери катышты. Алар: "Мекен-Ынтымагы" - Темирбек Асанбеков, "Бир бол" - Алтынбек Сулайманов, "Ыйман-Нуру" - Нуржигит Кадырбеков, "Кыргызстан" - Асель Атабекова, "Республика" - Мирлан Жээнчороев.

1-СУРОО: Сиздер жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын кандай пландап жатасыңар?

"Мекен-Ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков: "Бул маселе 29 жылдан бери өзгөрбөй келе жатат. 1991-жылдан бери өкмөттүн курамы 10 жолу өзгөрүптүр. Дэн Сяопин айткандай, "ак мышык, кара мышык болсун, чычкан кармасын" дегендей. Баягы адам акылы менен жашашы керек да. Биздин сунуш биринчи улуттук кызыкчылыктарды коргой турган, экономиканын маселесин чече турган атайын институттар түзүлүшү керек. Ошол окумуштуулардын акылмандуулугу менен бүгүнкү дүйнөлүк, экономикалык, социалдык, саясий шарттарды эске алып аткаруу өкмөтүнүн жол картасы иштелип чыгышы абзел. Ошонун талабына жараша өкмөттүн курамы түптөлүшү керек. Анан акыл менен өлчөп маселени чечүүгө коюлган аткаруу өкмөтү түптөлбөсө, биз 30 жылда адашкандай улам премьерди алмаштырган сайын сокур баладай болуп аткаруу өкмөтүнүн иш сапаты жогорку деңгээлге эч качан жетпейт. Ошол жол картага карап түзүлгөн аткаруу бийлиги, албетте, мыйзам чегинде тузүлүшү болушу керек. Парламент коомдун талабына жараша мыйзамдарды кабыл алышы зарыл. Аткаруу өкмөтү сапаттуу түзүлүшү керек".

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: “30 жылдан бери эмне үчүн алдыга жылбай жатабыз. Биз көрүп жатабыз, бүгүнкү күндө бүт алмашкан өкмөт, премьер-министр дайыма өзүнүн ыйгарым укугун толук аткара албайт. Аны парламент толук колдобойт. Ушул күнгө чейин кошоматчылардын уруулардын заманы болуп жатат. Ким жакшы кошомат кылса ошол премьер-министр көп жашайт. Биз ушул системден арылсак, ошондо гана алдыга жылышыбыз мүмкүн. Бул системдин элге каршы иштегени күндөн күнгө күчөп жатат. Биз тез арада өзгөрүүгө барышыбыз керек. Системди түп тамыры менен өзгөртүшүбүз шарт. Утуп келген партия премьер-министрди сунушташ керек. Парламенттин кимиси утуп келсе жоопкерчиликти алышы абзел. 10 кишинин ишин 1 киши жашаш керек. Эффективдүү өкмөт түзүшүбүз шарт”, - деди.

"Ыйман-Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков: "Эгерде адам максатын билбесе ага карта же схемалар дагы жардам бербейт. Азыркы өкмөт максатын дагы билбей эле келип калат. Азыр шайлоо өтөт анан коалиция түзүлөт анан торт бөлгөндөй бийликтерди бөлүп алышат. Ким акча берсе, ким кызмат кылса, ким чуркаса ошого жараша бийлик бөлүнөт. Адамдардын илими, билими профессионалы каралбайт. Анан дагы биздин өкмөт бир нерсе бузулганда гана иштеп баштайт. Алдын ала билген өкмөт керек бизге".

"Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабекова: "Азыр шайлоочулар билиши керек болгон зарыл нерсени мен баса белгилеп айткым келет, биздин конституцияда 10-беренеде өкмөттүн структурасы жана программасы Жогорку Кеңешке көпчүлүк добуш менен өткөн партиялардын программаларына дагы көз каранды деп жазылып турат. Урматтуу шайлоочулар, бул нерсеге көңүл бурсаңыздар. Ар бир партиянын программасы менен таанышып чыгуу зарыл. Ал эми экинчиден кандай гана программа иштелип чыкпасын эң негизгиси адамдын көз карашы жана билими маанилүү. Ошондо гана туура, так программа иштелип чыкмакчы".

“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев: “Биздин программада так белгиленген биздин мамлекеттеги чакан мобилдүү өкмөт керек. Жоопкерчилик албаган өкмөт кереги жок. 16 министрликти 7 министрликке кыскартабыз. 30 мекеменин баарын иреттеп аларды кыскартабыз. Канчалык көп чиновник болсо, ошончолук көп коррупция болот. Кошоматчы аткаминерлерди кыскартабыз. Биз коалицияны кура турган болсок, эң билимдүү инсан Бабановду премьер-министр кылып көрсөтөбүз. Кичи жана орто бизнес ачканга 3 пайыздык насыя беребиз”, - дейт ал.

2-СУРОО: Кыргыз өлкөсүндөгү экспортту көтөрүүгө конкреттүү кандай программаларыңыздар бар?

“Мекен-Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков: "Биз кандай потенциалыбыз бар экенин билбейбиз. Кайсы тармакты колдошубуз керекти билбейбиз. Мамлекеттер менен келишимди өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды эске алышыбыз зарыл. Ошондуктан кайсы өндүрүш менен экспортту көбөйтсө боло турганын так билишибиз шарт. Туризм, медицина, билим берүү тармагына басым жасашыбыз керек”.

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: "Биздин өлкөдө, тилекке каршы, кирген товардан чыккан товар аз. Мамлекет эч кандай бизнеске аралашпай, шартты түзүп, салыктарды жеңилдетиш керек. Текшерүү органдарын азайтыш керек. Мамлекет бажы кызматынын кирип чыккан товарларын 90 секундда текшере турган ишти аткарыш керек. Биз ушундай багыттарды сунуштап жатабыз. Биз жөнөкөйлөтүү жана жеңилдетүү менен гана жыйынтыкка келишибиз керек".

“Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков: “Экономиканы тез арада көтөрүү үчүн жеңил өнөр жайга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Даяр продукцияны экспорттошубуз керек. Биз өнүккөн өлкө Япониянын программасына көңүл бурушубуз шарт. Айыл чарба тармагы боюнча бир айылдан бир продукция деген программаны ишке ашыруу зарыл. Ушундай программаларга көңүл бурушубуз керек”.

“Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабекова: “Экономиканын бардык тармагын модернизациялоо керек. Бир гана жеңил өнөр жайды эмес. Биз логистикалык борборлорду курушубуз керек. Биз атаандаш боло ала турган продукцияларды чыгарышыбыз шарт. Биз башка өлкөлөрдөн продукцияны экспорттогонду үлгү алыш керек. Биз ширенкени өзүбүз чыгара албайбыз. Импорттойбуз. Чек ара жабылса биз чөгүп кетебиз”.

"Республика" партиясынан Мирлан Жээнчороев: "Бардык өнүккөн өлкөлөр биринчи кезекте инвестицияны коргоп жана аларды адилеттүү сот менен камсыз кылышат. Биздин сотко бир дагы инвестиция ишенбейт. Себеби биздики коргой албайт. Экинчиден, бизде салык кызматында коррупция гүлдөп кеткен. Мындан улам биз ошол жакты көзөмөлгө алышыбыз керек. Ошондуктан биз экономиканын жаңы инновациялык секторлорун сунуштап жатабыз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан