Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун атын туура эмес айтып алдыбы? (видео)

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Анда эки өлкө башчысы саламдашып, сүрөткө түшкөндөн кийин Владимир Путин Жээнбековду "Шариман" деп айтып алды. Бул тууралуу видео интернет айдыңына тарады.
"Эки тараптуу жолугушууну чагылдыруу президенттердин кол алышуусунан жана Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык сөздөрүнөн башталган" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 28-сентябрында президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барган. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусу журналисттердин катышуусунда өтүп, жолугушуунун жүрүшүндө, кызматташуу, коронавирус пандемиясы, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүү келечеги талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
al-abu-kinesz
2020-10-01 00:23:29
Уктай берсе ошентип эч ким тааныбай калат. Ойгонуш керек ойгонуш керек урматтуу президент, масаланы чечиш керек масаланы чечиш керек.
+20
u02u02
2020-10-01 01:25:06
Эмне болуптур ошентсе ар ким адашат
+3
nazgul1905
2020-10-01 01:44:12
Кыргыздарга боло берет,120 кой деле тантырап жатат го деди окшойт да
+20
Aika1988
2020-10-01 05:43:57
Озубуз ар нерсе деп ат коюп шылдындап жатсак башкаларды айтпай эле коелу.Биринчи ажоону оз эли урматтап сыйласа анан башка эл сыйлайт.Эмне болсо да Кыргызстанга президен да .Ар ким ар нерсе дей берет.Сын такканды коелу туугандар.
+20
aliya-leyla
2020-10-01 11:48:35
Aika1988, эн туура, озубуз ар нерсени айтабыз дагы
+5
katerina.li
2020-10-01 17:23:36
Биротоло шерманда деп албаптыр . Неге атын билбейт Путин? ??
-3
Okunboim.
2020-10-01 19:44:09
Ар адам адашуучу да, профессорлор да адашат. Путин да адашып айткандыр. Муну чон проблема кылып жакшы , жаман жака жооругандын кереги жок деп ойлойм.
+1
Aimani
2020-10-01 23:52:48
Биздики деле Валдимий деп койбой беле
0
Adi010891
2020-10-02 11:38:42
Анан Шаке, Путин акасына таарынбаптырбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан