Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кочкор районунда 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Чат тилкесинде оор жүк ташуучу ГАЗ-53 унаасы менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын ичинде эки жаран кыпчылып калган. Алардын бири 1960-жылы туулган эркек киши, экинчиси 1964-жылы туулган аял киши. Куткаруучулар жарандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушту.