"Министр Азамат Жаманкулов Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейине барды. Анда министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аталган музейди Маданият министрлигинин карамагына алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүү учурунда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу талкууланды.
Эске салсак, буга чейин министрлик тарабынан, Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңеши менен биргеликте Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин мамлекеттик менчикке өткөрүү тууралуу бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүп келген" , - деп жазылат маалыматта.
Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейинин тарыхы:
Алгачкы жолу 1959-жылы Ленинполь районунун (Бакай-Ата) Орловка айылында (азыркы Ак-Дөбө) сүт товар ферманын 1 бөлмөсүндө ачылган. Кийин музей эски мектептин имаратына көчөт. Азыркы музейдин имараты 1989-жылы бүтүп, колдонууга берилген. Музей экспонаттарга бай жана анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар. Теодор Герцендин өзүнүн жана уулу Теодордун эмгектеринен тышкары музейде мурунку СССРге кирген 15 республиканын кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери да орун алган.