Түндө Бишкек-Мраморное унаа жолунда жеңил унаа оодарылып 22 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түндө саат 01:00 чамасында болгон.
"Хонда-Фит унаасын 21 жаштагы бала башкарып бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада жүргүнчү катары келе жаткан 22 жаштагы кыз алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу ооруканага жеткирилген. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.